Баткен шаарында жаңы билим ордосу ачылды
Жыл башында Баткен шаарында жаңы 375 орундуу мектеп бүткөрүлүп, ишке берилди. Бул билим ордосу №4 жалпы билим берүүчү мектеп деп аталып, анда 390 окуучу билим алууда. Жумушсуздук жоюлуп 28 мугалим жана 11 техникалык кызматкерлер иш менен камсыз болушту. Ал эми шаардык профсоюз комитетине бир уюм кошулуп, 39 профсоюз мүчөсү каттоого алынды.
2023-жылдын 14-январында аталган мектепте алгачкы кесиптик бирлик жыйыны өткөрүлдү.Жыйында ШПКнын төрайымы Мактым Калыкова Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Уставы жана профсоюз жөнүндө мыйзамдар менен жалпы кызматкерлерди тааныштырды. Жаңы мектептин кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрү,текшерүү комиссиясы шайланды. Мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы болуп Сапарбаева Ырысбүбү Имаралиева шайланды. М.Калыкова жумушун жаңыдан баштаган мектеп жетекчиси С.Мурзаевге жана Ы.Сапарбаевага иштерине ийгилик каалоо менен, Мыйзам чегинде иштөөнү максат кылып, БКнын Уставын, Эмгек Кодексин тапшырды.
Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы М.Калыкова