Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаары жыл жыйынтыгын чыгарды

Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитети 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Кеңейтилген  жыйынга Баткен шаарынын мэри И.А.Бурканов, Баткен шаарынын вице мэри М.Т.Маматисаев, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.А.Турдубаев жана Баткен шаарындагы 5 КР Эмгек сиңирген мугалимдери жана мыкты мугалимдер болуп, жалпысынан 110 профсоюз мүчөсү катышты.

2022-жыл Баткен үчүн оор жыл болуп, чек арада болуп өткөн каргашалуу окуялар кесиптештердин психологиясына өз таасирин тийгизбей койгон жок. Баткен шаарындагы мектеп жетекчилери, Мугалим деген зоболосу бийик кесиптин ээлери чек ара айылдарынан  келген балдарды өз канатына калкалап, аларга жылуу мамиле, жугумдуу билим берүүдө  аракеттери зор болду. Биздин коллегалар жаш муундарга сапаттуу билим берүүдө онлайн жана оффлайн шарттарда ар кандай технологияларды пайдалануу менен жигердүү  иштегени белгиленди.

Мугалимдердин ишин баалап, аларга мотивация берүү максатында ар бир жыйынга катышкан мугалимге ак жоолуктар берилди. Алдынкы мугалимдерге Билим жана илим министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана шаардык профсоюз комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды. Мындан тышкары үч тараптуу макулдашуунун алкагында жана мугалимдерге көнүлдүү маанай тартуулоо максатында ар бир мугалимдин банктык эсебине 650 сомдон акча каражаты которулуп берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы М.Калыкова