Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаардык комитетинин IV отчёттук кайра шайлоо конференциясы

2025-жылдын   19-мартында   билим  жана илим кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин     Баткен шаардык комитетинин    IV  отчёттук  кайра  шайлоо конференциясы  болуп өттү.

Конференцияга  Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин  Борбордук  комитетинин  төрагасы  Рустам Нурматов,  Борбордук комитеттин укук  жана  эмгекти  коргоо боюнча  башкы  инспектору Бедил  Кадыркулов чакырылган  жетекчилер  жана  делегаттар  катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө Борбордук комитеттин төрагасы Рустам Нурматов билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлөрүнө токтолуп, кесиптик бирлик комитетинин алдындагы максаттар жана милдеттер боюнча сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө кесиптик бирликтин ролу жана анын мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо, ошондой эле эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге басым жасады. Р.Нурматов кесиптик бирликтин алдыга койгон негизги максаттарынын бири катары билим берүү кызматкерлеринин социалдык шарттарын жакшыртуу жана аларга мыйзамдык колдоо көрсөтүүнү белгиледи.

Конференцияда Баткен шаардык комитетинин төрайымы Ырысбүбү Сапарбаева 2020-2024-жылдар аралыгында аткарылган иштер боюнча отчетун берип, Баткен мэриясы жана шаардык билим берүү бөлүмү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн камкордуктарды кеңири баяндады.

Ошондой эле текшерүү комиссиясынын төрагасы Токтобай Намазов курорт-санаторийлерге жана кыска мөөнөттүү коллективдүү эс алуулар боюнча маалымат берди.

Конференциянын катышуучулары аткарылган иштерди канааттандырарлык деп таап, бир добуштан Баткен  шаардык  кесиптик бирлик комитетинин  төрайымы  болуп кайрадан  Ырысбүбү  Сапарбаева  шайланды.