Баткен областында "Онлайн тест-2023"
Кароо сынактан кийин Райондук кесиптик бирлик комитети жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин торагалары менен видео-конференция өткөрүлүп, алдыдагы иш пландар талкууланды.
"Онлайн тест" сынагы баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага,төрайымдарынын ишмердүүлүгүн жана укуктук билимдерин арттыруу максатында өткөрүлдү. Кароо сынактын жүрүшүндө жалпы 60 суроого 60 мүнөт берилди. Жыйынтыгында 220 баштапкы кесиптик бирлик төрага, төрайымдары катышып, 50% дан жогору упай алган катышуучулардын тизмеси аныкталды.
Жогору упай алган "Онлайн тест" кароо-сынагынын катышуучулары үчүн областтык комитеттин ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары уюштурулуп, район жана шаарларда сыйлоо иш-чаралары өткөрүлөт .
Маалыматты даярдаган: Баткен областтык комитетинин адиси Гапарали уулу Мансур