Баткен областтык комитетинде онлайн президиум
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети кезектеги президиумун онлайн түрүндө өткөрдү.
2021-жылдын 28-майында З.Бөтөковдун төрагалыгы алдында райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана президиум мүчөлөрүнүн катышуусунда ZOOM программасы аркылуу өткөн онлайн президиумдун күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:
1. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук жана Сүлүктү шаардык комитеттеринин иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоодо жамааттык келишимдердин аткарылышы жөнүндө.
2. Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын эсептелиши жана төлөнүшү боюнча райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепчилеринин өз ара тажрыйба алмашуусунун жыйынтыктары жөнүндө.
3. 2021-жылда билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун уюштуруу жана ар түрдүү маселелер каралып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Президиумдун жүрүшүндө райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары, эсепчилердин өз ара тажрыйба алмашуусундагы жетишкендиктерди областтын аймагына жайылтуу жана кемчиликтерди жоюу боюнча эсепчилер үчүн окутуу семинарларын уюштуруу керектигин белгилешти.
Президиумдун жыйнтыгынды Лейлек, Баткен райондук, Баткен шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары чек арадагы окуядан жабыр тарткандарга жардам колун сунуп, өз убагында колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Баткен облКБК адиси К.Акимов