Баштапкы уюм отчет берди
Аксы районундагы № 50 Токтогул ажы атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунда 2022-жылдын 21-январында отчеттук чогулуш болуп өттү. Чогулушта баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Ш.Анделеев 2021-жылда аткарылган иштери боюнча отчетун берди. Профсоюздун жылдык ишине бир добуштан канаатандырарлык деп баа беришти. Ошону менен бирге маселелер каралып, талкууланып бекитилди. Ошондой эле чогулушта райком профсоюздан бөлүнүүчү каражаттын бир жылдык сметасы, баштапкы профсоюз комитетинин бир жылдык иш планы бекитилди.
Маалыматты даярдаган: Аксы райондук КБКнын инспектору Н.Сатылганов