Баштапкы профсоюздук уюмдар менен жолугушуу
Жалал-Абад областына караштуу Сузак райондук билим берүү бөлүмү жана Билим берүү жана илим кызаткерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 5-январындагы №3/1 “Жалпы билим берүү уюмдарында педагогикалык кызматкерге (мугалимдерге) жумалык окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү” буйругун мектептерге жеткирип түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Жакында профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев №1 Мадумар-Ата атындагы орто мектебинде болуп жогорудагы маселе боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Профсоюздун Сузак райкомунун
басма сөз катчысы: З.Киргизбаев