Баштапкы профсоюз уюму жана анын мүчөлөрү сыйланды
Аксы районунун Кербен шаарына караштуу №35 Т.Уметалиев атындагы орто мектебинде 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы мамилени бекемдөө, таланттууларды эл астына чыгаруу максатында «Мугалим, окуучунун жеңиши – мектептеги ынтымактын жемиши» - аттуу мугалимдер жана окуучулардан түзүлгөн топтордун сынагы болуп өттү. Сынакка окуучу мугалим менен жуп болгон алты топ катышты. Эжеке мугалимдер жогорку класстын бирден окуучу баласы менен, ал эми агайлар бирден окуучу кыз менен топ бөлүшүп, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул сынакка башка мектеп жетекчилеринен, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу түзүлүп, сынак жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Сынактын аягында сынакка катышкан баштапкы профсоюз уюмунун мүчөлөрү райкомдун Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле 2020-2021-жылдын жыйынтыгы менен ушул мектептин профсоюз уюму мыкты деп табылды, I даражадагы диплом жана 10000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Сыйлыкты райкомдун төрагасы С.Камчыбеков тапшырды.
Мындай иш-чараларды өткөрүү азыркы учурда мектептеги ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алуу менен, биримдик, ынтымак бекемделет деп ишенебиз.
Маалыматты даярдашкан: укук жана эмгекти коргоо инспектору Н.Сатылганов жана Т.Уметалиев ат. о.м. КБ уюмунун төрайымы Н.Сейдилова