Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесип бирлик уюмунун жылдык отчету

2022-жылдын 12-майында Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жалпы жамааттынын чогулушу болуп өттү.

Бул чогулушта төрт маселе каралып, эң негизгиси кесиптик бирликтин бир жылдык аткарган иштери боюнча отчет болду. Мектептин кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Н.Сейдилова жана комиссия башчылары Н.Абишова, А.Сарыбаева, Базаралы уулу Эрмек  өз иштери боюнча отчет беришти. 2021-2022-окуу жылында эң жакшы жетишкендиктер менен райондун ''Жылдын мыкты профсоюз уюму'' деген сыйлыкка татыктуу болушканын белгилешти. Мындан ары да бул иште жакшы ийгиликтер бар экенин белгилешип, кесиптик бирлик уюмунун ишин жакшыртуу менен санариптештируу оң жолго коюлуп, мектептин кесиптик бирлик уюму өзүнүн сайты түзүлүп, бардык документтер электрондук форматта жазылып, сакталып калаары жөнүндө айтып өтүштү.

Жарыш сөзгө чыккан мугалимдер бул эң жакшы саамалык экенин айтышып, ийгилик каалашты, аны менен бирге сын-пикирлер да айтылып, аларды биргелешип чечүү жагы да каралды. Жыйынтыгында кесиптик бирлик уюму жүргүзүп жаткан иштер жакшы деп белгиленип, алдыга жаңы максаттар жана милдеттер коюлду.

 

Маалыматты даярдаган: баштапкы КБ уюмунун төрайымы Н.Сейдилова