Бар болгула, акылман карыларым!
Өткөндү билбегендин келечеги караңгы демекчи, улуу муундун эмгегин эскермейин кичүүлөргө татыктуу тарбия берүү кыйын. 1-октябрь Карылар күнүнө карата Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кесиптик жамааты мектепте иштеп, ардактуу эс алууга чыккан ардагер мугалимдердин үйлөрүнө барышып, кабар алып келишти.Мектеп жамаатынын атынан каалоо тилектерди билдиришип, жетекчиликтин жана кесиптик бирликтин атынан белектерди тапшырышты. Бул көңүл буруу ардагер мугалимдерибиз үчүн аябай жакшы маанай тартуулап, басып өткөн чыгармачыл жашоосуна дагы бир кылчайып кароого мүмкүнчүлүк берди. Ар бир ардагер мугалим өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, көп жакшы кеңештерин айтышты. Карынын кебин капка сал демекчи, мындай жолугушууларды жаш мугалимдер үчүн да көбүрөөк уюштурууну максат кылып кайттык.
Бар болгула, акылман карыларым, дайыма ден соолукта болуп,узак өмүр сүргүлө. Дагы бир жолу таазим сиздерге!!!
Маалыматты даярдаган: Т.Уметалиев атындагы орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Сейдилова