Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балыкчы шаарынын мугалимдердин бир көйгөйү чечилди

     2017 – жылдын 1 – март күнү билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин социальдык коргоо жана эмгек акылар боюнча бөлүм башчысы Л.Олимпиева, Ысык-Көл областы боюнча координатору Ө. Молдокматов жана Балыкчы шаардык профсоюз комитетинин төрагасы Н.Абдраимовдар Балыкчы шаарындагы билим берүү мекемелеринин бухгалтерлери менен жолугушуу өткөрүштү.

     Жолугушуда билимин жогорулатуу боюнча курска барган мугалимдердин иш сапар чыгымдарынын  төлөнүшү боюнча Өкмөттүн №241, 302, 315 токтомдору жана Эмгек кодексинин №185 беренеси жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

    Бул жыйынга Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Мамбетова катышты.

    Жолугушунун натыйжасында 2017 – жылдын январь айынан баштап курска барган мугалимдердин иш сапар чыгымдарын бухгалтерия тарабынан туура төлөнүшүн көзөмөлгө алуу жагы шаардык билим берүү башчысына жана профсоюз комитетинин төрагасына тапшырылды.