Балдарга кошумча билим берүү жөнүндө семинар өткөрүлдү
2017-жылдын 27-февралында Ноокен районунун мектептеринин директорлорунун кезкесиз жыйыны өкөрүлдү. Анда 2 маселе талкууланып, директорлорго жаңы милдеттер тапшырылды.
1-меселе боюнча Ноокен райБББнун башчысы Б.С. Козуев 2017-жыл февраль айында болуп өткөн Билим берүү жана илим министрлинин Коллегиясынын жана облустук билим берүүнүн усулдук борборунун жыйналышынын материалдары менен тааныштырып алдындагы милдеттерге токтолду.
2-маселе боюнча Билим. илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.К. Нышанов “Жалпы билим берүүчү уюмдардагы балдарга кошумча билим берүү жөнүндөгү” усулдук материалдар менен кеңири тааныштырды. Директорлордун суроолоруна жооптор берип, аталган маселе боюнча конкреттүү милдеттерди тапшырды. Жоболор жана усулдук колдонмолор электрондук вариантта директорлорго берилди.