Балдарга колдоо көрсөтүлдү
2021-жылдын 6-декабрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан райондун аймагындагы мектептерде жана бала бакчаларда эмгектенген мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар 39 кызматкерге акчалай материалдык колдоо көрсөтүлдү. Иш-чарага Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Шайбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Көкөевдер катышты.
Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Шайбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Көкөев жолдоштор мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды багып, тарбиялап жаткан билим берүү кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалашты.
Иш-чаранын соңунда Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Шайбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Көкөевдер мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар билим берүү кызматкерлеринин ар бирине -2000 сомдон, жалпы -39 билим берүү кызматкерлерине -78000 сом акчалай материалдык жардамдарды тапшырышты.
Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети