Балдар үчүн майрамдык кече тартууланды
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата окуу жайдын окутуучу-кызматкерлеринин балдарына арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Аталган салтанатты уюштурган ректорат жамааты жана кесиптик кошун балдарды куттуктап, сый тамак уюштуруп, баалуу белектерди ыйгарды.
Майрамдык кечени концерттик программа коштоду.