Балдар көңүлдүү эс алып келишти
Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан бөлүнгөн жолдомолордун негизинде Тогуз-Торо районундагы билим берүү уюмдарында эмгектен мугалимдердин балдары Базар-Коргон районундагы “Арстанбап-Ата” балдардын эс алуу борборунда 2-августтан 12-августка чейин эс алып келишти. “Арстанбап-Ата” балдардын эс алуу борборунда балдар үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн белгилеп, ата-энелер билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: “Клелек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун профкому Жолдошбек кызы Базаркүл