Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар бакчасы ачылды

2021-жылдын 29-майында Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Катраң айылында 50 орундуу «Козу-Баглан» балдар бакчасынын ачылуу аземи болду.

Бардык ыңгайлуу шарты бар балдар бакчасынын курулушуна АРИС уюму 11 млн. сом, айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 500 миң сом, айыл эли 180 миң сом акча каражат жумшады.

Ачылыш салтанатына Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысынын акимдин орун басары Максатай Каримбердиева, КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев жана АРИС уюмунун координатору Майрамбек Баялиев, Катраң айыл өкмөтүнүн башчысы, Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев жана айыл эли, аксакалдар катышышты.

Балдар бакчасынын акжолтой болуп, келечек муундарга татыктуу тарбия бере беришин каалашты.

Жалпы Лейлек элинин атынан АРИС уюмуна ыраазычылыктар айтылды.

Ушул балдар бакчасынын ачылыш аземинин арты менен Лейлек райондук кесиптик бирлик комитети «Козу-Баглан» балдар бакчасынын эмгек жамаатын кесиптик бирликтин мүчөлүгүнө кабыл алып, аларга кесиптик бирликтин билеттерин беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райКБКнын төрагасы А.Бердиев.