Бала келечектин бутагы
2021-жылдын 20-майында Тогуз-Торо районундагы Саке Бий мектепке чейинки билим берүү уюмунда “Бала келечектин бутагы” деген темада мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары арасында райондук семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты: Мектепке чейинки курактагы балдарга ар тараптуу билим жана тарбия берүү. Семинарга райондогу 14 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 22 тарбиячысы катышты. Семинардын жыйынтыгында райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Ажыбаев кесиптик бирлик комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берип, тарбиячылар тарабынан берилген эмгек акыны эсептөө жана эмгек өргүү боюнча суроолорго жооп берди. Семинарга катышкан тарбиячылар Саке Бий мектепке чейинки билим берүү уюмунун жалпы жааматына ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматтык даярдаган: Келечек мектепке чейинки билим берүү уюмунун профкому Жолдошбек кызы Базаркүл