Бала бакчадагы кош майрам
Аксы районуна караштуу Кызыл капчыгай айылындагы “Жибек” мектепке чейинки билим берүү уюмунда Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына карата сүрөт конкурсу өткөрүлдү. Тайпанын тарбиячысы Ашыралиева Гүлжамал эжеке жогорку деңгээлде балдарга ачык сабак өттү. Сабак көргөзмөлүү, балдарга кызыктуу болду.
5-март Ак калпак күнүнө карата, балдар ак калпак кийип келишип, тайпада ыр, бийлер көргөзүлүп, музыка жаңырды.
"Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дегендей бул балдар келечекте эли үчүн кызмат кылган эр азаматтардын болушат. Сүрөт конкурсунун женуучулоруно 1-3-орунга жумшак оюнчуктар, активдүү катышкандарга белектер берилди. Бул демилге профсоюз уюму тарабынан уюштурулду. Мындай саамалык башка тайпаларда да өткөрүлдү, Маткеримов Алихан,Карагулов Элдос, Узенова Аяналар патриоттук ырлардын конкурсунда ийгиликке жетишип,Ардак грамоталар менен сыйланды.
Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов ат. о.м. КБ уюмунун төрайымы Н.Тотоева