Бала бакчада кайра шайлоо чогулушу өтүлдү
Таш- Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №14 “Үмүт” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы уюмунун төрайымы Меңдибай кызы Кенже эжеке, төрайым болуп шайланганына беш жылдан ашканына байланыштуу бала бакчада кайра шайлоо чогулушу 2023-жылдын 21-февралында болуп өттү.
Чогулушка шаардык комитеттин төайымы М.Т.Утурбаева, президиумдун мүчөлөрү БМ.Усенова, Мейманалиев Тойчу агай барып катышып, кесиптик бирликтин азыркы кездеги ролу, аткарган иштери жана Уставга таянып иш алып баруу керек экендиги жөнүндө кыскача маалымат беришти.
Андан соң, Меңдибай кызы Кенже эжеке өзүнүн беш жылдык төрайымдык коомдук жумушунда аткарган иштери боюнча маалымат берип, кесиптик бирлик тарабынан атайын уюшулган эс алуу, спартакиада жана кызматкерлердин укуктарын коргоодо кандай иш- чаралар жүргүзүлгөндүгү боюнча маалымат берди. Маалымат угулуп «канаттандырарлык» деп табылды.
Меңдибай кызы Кенже эжеке эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирүү менен үй- бүлөлүк шартына байланыштуу бул коомдук ишин улантууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, өз каалоосу менен өзүнүн талапкерлигин алып, көп жылдан бери медайым болуп ушул мекемеде иштеп келген Даникан эжекенин талапкерлигин көрсөттү.
Ошол эле учурда Айтиева Марзия эжеке Сулайманова Ырыс эжекенин талапкерлигин көрсөтүп, эжеке тарбиячы катары көп ийгиликтерди жаратып, үзүрлүү эмгектенип келгенин баса белгиледи. Колго салынып,баштапкы уюмдун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Сулайманова Ырыс эжеке “Үмүт” МЧББМ баштапкы уюмунун төрайымы болуп шайланды.
Эжекенин ишине ийгиликтерди каалайбыз.