Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бала бакчада иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар

Панфилов районунун Куш-Канат бала бакчасынын базасында райондук Билим берүү бөлүмүнүн методика кабинети менен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги бирдикте семинар-кеңешме өткөрдү. Райондогу бала бакчалардын директорлору үчүн “Иш кагаздарынын номенклатурасы, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускмасы” боюнча кеңири талкуу болду. Куш-Канат бала бакчасынын директору Наркулова Зарема семинардын жүрүшүндө иш кагаздарынын номенклатурасы менен тааныштырды.

Семинар-кеңешменин экинчи бөлүгүндө боюнча Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускмасынын  күнүмдүк жумушта практикалык жактан колдонуу жөнүндө болду. Бул маселе талкуу менен коштолду, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги бала бакчалардын директорлорунун  суроолоруна жооп берди.

 

 

Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрайымы А.Абдраимова