Бала бакча ачылды
Панфилов районунун Чалдыбар айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май айылында 50 орундуу бала бакчанын расмий ачылышы өттү. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) долбоорунун, жергиликтүү бюджеттин жана айыл тургундарынын жеке салымы курулган. Жаңы бала бакчада балдардын тарбия алуусу үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн.
“Нур-Белек” бала бакчасынын ачылыш аземине Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Алияскаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Ашыкеев, Чалдыбар айыл өкмөтүнүн башчысы Уларбек уулу Уланбек, кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү, айыл тургундары катышышты.
Маалыматты даярдаган: Панфилов райКБКнын төрайымы А.Абдраимова