Гендердик теңдик боюнча акция Сүлүктү шаарында
Сүлүктү шаарында “Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотолу!” аттуу гендердик теңдик боюнча 16 күндүккө арналган акциянын алкагында лекциялар жана тегерек столдор өткөрүлдү.
Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитетинин демилгеси жана ШИИБдин КККнын Милиция аймактык тескөөчүлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2024-жылдын 19-ноябрындагы "Кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо, алардын алдын алуу боюнча 2 айлык иш-мерчемди бекитүү жөнүндө" №1129 сандуу тескемесинин жана 2024-жылдын 22-ноябрындагы №1149-т сандуу тескемесинин талаптарын аткаруу максатында, "Үй-бүлөлүк зомбулуксуз 16 күн" аталышындагы алдын алуу иш-чарасынын алкагында А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунда укук бузуулардын кылмыштардын анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында, көчмө лекциялар өткөрүлүлдү.
Ага мугалимдер катышышып, атайын алдын алуу багытында даярдалган видео тасма жана слайддар көрсөтүлдү.
Мындан сырткары акциянын алкагында бир катар билим берүү уюмдарынын мугалимдерине тегерек столдор уюштурулуп, ага ата-энелер да катышышты.
Иш-чаранын алкагында аялдын коомдогу орду жана ролу, балдардын тарбиясында ата-энелердин милдети жана тарбия берүүнүн мыкты тажрыйбалары боюнча маалыматтар берилип, талкуу жүрдү.
Акциянын алкагында зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча бир катар милдеттер коюлуп, келечектеги аткарулуучу иштер жана кадамдар белгиленди.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети