Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аткарылган иштер келечекке үмүт берет

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин кошмо жыйынында 2022-жылдын иш планы талкууланды жана бекитилди. Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин жыл жыйынтыктоочу жыйынына жалпысынан ОшМУга караган бардык факультеттердин, колледждердин жана лицей, гимназиялардын кесиптик бирлик активи катышты. Жыл ичинде кандай жумуштар жасалды, мүчөлөргө кандай жардам берилди жана каражаттар кандай иш-чараларга жумшалды, бир жыл ичинде канча адамга эс алуу үчүн жолдомо берилди, ушулар жөнүндө кеңири маалымат жасалды.

Ошол менен биргеликте спорттук иш-чараларды өткөрүү, аларга спорттук кийимдери жана шаймандарды алып берүү жаатында көп иштер аткарылган.

Андан кийин жакындарын жоготкон мугалимдерге акчалай колдоо көрсөтүү, ар кандай кырсыктарды толук түрдө профсоюз комитети өз жоопкерчилигине алган. ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, доцент А.Э.Саттаров жыл жыйынтыгында, бир жыл ичинде болуп өткөн жана жасалган иш-чараларды баарын чоң экранда көрсөттү. 2022-жылы ОшМУнун кесиптик бирлик комитети мындан да жогорку деңгээлде жакшы иштерди жасоого, өнүгүүгө жана ар кандай ийгиликтерге жетүү үчүн талыкпай эмгек кылууну айтты.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова