Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ата Мекенди коргоо жана Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар

Базар-Коргон районундагы билим берүүчү уюмдарында 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Мектептерде ата мекенди коргоо жана сүйүүгө багытталган тарбиялык жана ачык сааттар өткөрүлүп, мекенди коргоо темасында КВН, кароо сынактар, сахналаштырылган көргөзмөлөр уюштурулду.

Мектептерде майрамдык иш-чарага мектеп жаматтары, окуучулар, ардагерлер жана меймандар катышты.

Иш-чара катышуучулары Ата Мекенди коргоо ар бир жарандын ыйык милдети экендигин, мекенди сүйүү, мамлекетибиздин өнүгүп, өсүшүнө салым кошуу жакшы иштердин бири экендигин билдиришип, өлкөбүздө тынчтыкты, стабилдүүлүктү  каалашты.

Ошондой эле 5-март Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп, мектептерде улуттук баш кийим: ак калпак тууралуу маалыматтар берилип, ак калпакты даңазалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов