«Ата-Мекенди коргоо» күнүнө карата иш-чара
2024-жылдын 20-февралында Көк-Жаңгак шаардык жалпы билим берүүчү Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинде 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө карата окуучулардын аткаруусунда концерттик программа тартууланды. Ага Көк-Жаңгак шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Рысмамбетова Жумакан Арзиевна тарабынан иш-чарага катышкан билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлерге белектер ыйгарылды. Майрамдык иш-чарага мектеп жамааттары, окуучулар жана меймандар катышты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Көк-Жаңгак шаардык комитети