Ата-энелердин кароо-сынагы
Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл өкмөтүндөгү ”Гүл бакча Исфайрам” балдар бакчасында чоң иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага эки тайпанын ата-энелери катышты. Анда сүмөлөк бышырылып, көргөзмөлөр коюлуп, 7 шарт менен сынак өткөрүлдү. Сынактын максаты “Энелер мектебинин” алкагына эне менен баланын ортосундагы мээриминин чексиздигин ачык-айкын көрсөтүү.
Ал жогорку денгээлде уюштурулуп, катышкан ата-энелерге жана тайпанын балдарына баалуу белектер жана Ардак грамоталар берилди.
Сынакка Билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы Момошов Абдуалим, балдар бакчасынын жетекчилери жана тарбиячылары катышышты.
Иш-чара кесиптик бирликтин Кадамжай райондук комитетинин колдоосу менен өткөрүлдү.
Маалыматты даярдаган: Кадамжай райондук КБКнын уюштуруучу адиси У.Халилова