Ата-энелер комитети тарабынан мектепке колдоо көрсөтүштү
Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Кеӊеш айыл аймагында жайгашкан №11 М.Алыкулов атындагы гимназия мектебинин жаӊы дайындалып келген директору Эрматов Ибрагим Пазылович , ата-энелер комитетинин төрагасы Холназаров Карим жана баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Курманкулова Венера мектептин камкорчулук кеӊешинен топтолгон акча каражатынын эсебинен мектептин кире беришине узундугу 30 м. туурасы 13 м болгон 288.000 миӊ сомдук арка жасатышты. Арканын астында окуучуларга отургучтар жасалды , күндүн ыссыгынан, жаан чачындан сактап турганга окуучуларга шарт түзүлдү.
Даярдаган: РПК төрагасы С.Жаркымбаев.
2019-жыл 16 –январь