Ата-энелер үчүн семинар
Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде ата-энелер үчүн атайын 1-класска жашы жеткен балдарды электрондук каттоодон өткөрүү боюнча семинар уюштурулду. Ага 1-класска балдары келе турган ата энелер чакырылып,семинарды кесип бирликтин төрайымы Н.Сейдилова жана информатика мугалими, жаштар кеңешинин төрагасы Базаралы уулу Эрмек алып барышты. Семинардын башында Н.Сейдилова электрондук каттоо,ата эненин ролу жөнүндө маалымат берсе, Базаралы уулу Эрмек электрондук каттоодон кантип өтүү керектигин, көрсөтмөлүүлүк менен түшүндүрүп өттү. Ата-энелерге бул каттоо үчүн өткөрүлгөн семинар абдан пайдалуу болгондугун айтып өтүштү. Семинардын аягында калктын аярлуу катмары болгон үй-бүлөлөр үчүн жардам көрсөтүү жагы мектептин катчысы Р.Касымалиевага милдеттендирилди.
Маалыматты даярдаган: баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Н.Сейдилова