Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардактуу мугалим

Бүт өмүрүн мектепке арнаган, балдарга татыктуу билим берген биология мугалими Исакова Нышанбу эже азыркы учурда ардактуу эс алууда. Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинде биология мугалими болуп 38 жыл эмгектенди. Эмгек жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңүү менен бирге,ийгиликтерди багындырган . Мектепте директор, окуу бөлүм башчысы болуп иштеген. Карынын созун капка сал, жаштын созун угуп ал дегендей өзүнүн акылдарын, билгендерин жаш мугалимдерге насаат катары айтып берчү. Мектептеги Балдар жана өспүрүмдөр уюму ушул эжекенин атын алып жүрөт. Окуткан окуучулары ар кесиптин ээси, турмушта өз жолун таап, башкаларга үлгү болуп жүрүшөт. Мугалимдердин кесиптик майрамы күнү эжекенин да куттуктап, кесиптик бирлик комитети тарабынан белек берилди. Мындай тажрыйбалуу жаш мугалимдер башкаларга да үлгү болушууда. Учурда эжеке 80жашта. Ден соолукта аман болуңуз демекчибиз.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов атындагы №6 орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Тотоева