Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагерлерге урмат-сый көрсөтүлдү

15-февраль Ооган ардагерлери үчүн өзгөчө күн. Бул күнү Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Жүздөгөн тагдырларды талкалаган, миңдеген жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен ал согушту дале эске алып келебиз. Биздин бүгүнкү каармандарыбыз Өзгөн районундагы билим берүү уюмдарында эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери болмокчу.

2022-жылдын 15-февралында Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Өзгөн районунун билим берүү уюмдарында эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу уюштурулуп, аларга материалдык колдоо көрсөтүлдү. Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаев,  райондук профсоюз комитетинин төрагасы  И.Мырзамидинов Ооган согушунун ардагерлерин майрамы менен куттукташып, аларга чың ден-соолук, иштерине ийгиликтерди каалады. Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети тарабынан Ооган согушунун ардагерлерин колдоо, алардын ден-соолуктарын чыңдоо, көңүлдүн борборунда экендигин белгилешти. Ооган согушунун ардагерлеринин майрамы менен куттуктап, алардын жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо талыкпастан эмгентене берүүсүнө тилектеш экендигин билдиришти.

Ооган согушунун ардагерлеринин атынан Кырбашов Токтоназар, Нурбаев Кеңешаалы  жолдоштор  Ооган согушунда башынан өткөргөн урунттуу окуяларды  эскеришти. Ошондой эле райондук профсоюз комитетинин көрсөткөн моралдык жана материалдык колдоолору үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ооган согушунун ардагерлерин майрамы менен куттуктоо иш-чарасы андан ары улантылып, Ооган согушунун ардагерлери үчүн орнотулган эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында майрамдык куттуктоо иш-чарасы жана концерттик программа менен улантылды.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук КБ комитети