Ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлдү
23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан атайын иш чара уюштурулуп, Ноокен районунун билим берүү тармагында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан ардагер агайлар чакырылды.
Иш чарада Ноокен райБББнын башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райКБнын төрагасы К.Нышанов катышып, чакырылган ардагер агайларды майрамы менен куттуктап, кесиптик бирлик тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.
Аземдин сыйлуу коноктору жетекчилерге билим берүү тармагында жанакесиптик бирликтин мүчөлөрү үчүн жүргүзүп жаткан иштерин дагыда өркүндөтүүдө чоң салымдарын кошуп жаткандыктарын белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришип, батасын беришти.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги