Ардагерлер жана мугалимдер сыйланышты
2021-жылдын 19-октябрь кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата, билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана кошкон салымдары үчүн Жалал-Абад областынын район, шаарларынын кесиптик бирликтин ардагерлерин, мугалимдерин жана социалдык өнөктөштөрүн, анын ичинде Базар-Коргон районунун билим берүү кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Салтанаттуу сыйлоо аземине Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областык комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов, облустук билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов, обкомдун аппарат кызматкерлери, сыйлык ээлери жана билим берүү кызматкерлери катышты.
Обкомдун төрагасы А.А.Исмаилов жана областтык усулдук борбордун директору А.Токтосунов иш-чара катышуучуларын кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү менен куттукташып, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамоталары менен алдынкы мугалимдерди сыйлап, кесиптик бирликтин ардагерлерине белектерди тапшырышты.
Базар-Коргон районунун кесиптик бирликтин ардагерлери, мугалимдери Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине жана Жалал-Абад областык комитетине ыраазычылыктарын билдиришип, кесиптик бирликтин лидерлеринин иштерине ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов