Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагерлер менен жолугушуу

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети 22-февраль күнү Афган согушунун ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ардагерлердин көзү өтүп кеткен курдаштарына багытталган куран түшүрүлдү.

Областагы Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн РПКда, Өзгөн ШПКда, КӨЭАУ, ОшТУ, Ош Билим берүү институтунда иштеген билим берүү  кызматкерлерин Ата-Журтту коргоо күнүнүн алдында кош майрамдары менен куттуктап, үй-бүлөөлүк бакыт-таалай, бекем ден-соолук  каалап,  жаштарды  достука, ынтымакчылыкка, биримдикке, интернационалдуулукка, патириоттуулукка, мекенчилдикке тарбиялоодо үлгүлүү болоорлуук  салымыңыздарды кошуп, билим берүү тармагында талыкпай эмгектенип жүрүүңүздөрдү каалайбыз деп ОПКнын төрагасы С.Тойгонбаев  куттуктады.

Афганчылардан Т.Кырбашев, Б.Абдулкасымов, Ж.Асанов, М.Айтбашов, Т.Арынбаевдер сөз сүйлөшүп, областтык  кесиптик бирлик комитети жылда  бизди чакырып, сый көрсөтүп келе жатат, бул жолугушуу адатка айланып, ушул күнгө жакындаган сайын быйыл дагы областтык профсоюз комитети чакыраар бекен деген сезимдер пайда болуп кала турган деңгээлде  жеткирип койдуңуздар, биз абдан ыраазыбыз дешип, профсоюзга болгон жылуу  ойлорун билдиришти.

Бул иш-чаарага РПК, окуу жайлардын кесиптик бирлик комитетинин төрагалары катышып, Өзгөн РПКнын төрагасы И.Мырзамидинов, Араван РПКнын төрагасы Б.Турдубаев, КӨЭАунин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ш.Эгамбердиевдер куттуктоо сөздөрүн  ыроолошту.

 

Маалыматты даярдаган: Ош  областтык КБКнын төрагасы С.Тойгонбаев