Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер мугалимдери кадырлоо иш-чарасы

2024-жылдын 7-октябрында Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан “Карыяларды кадырлоо” жумалыгынын алкагында иш-чара уюштурулуп, райондун билим берүү тармагында эмгектенген ардактуу эс алуудагы жана ардагер мугалимдери чакырылды.

Жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп келген бул салтанатка Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Нышанов катышып, аларды майрамдары менен куттуктап, каалоо сөздөрүн айтышты жана кесиптик бирлик комитети тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жана  райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан  ардагер мугалимдер көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн, ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын  беришти.

“Карыяларды кадырлоо” жумалыгы баштапкы кесиптик уюмдарында да уюштурулуп, анын алкагында бир катар иш-чаралар өттү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин  Ноокен райондук комитетинин инспектору Т. Бакиров