Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер агайлар сыйланды

Бүгүн Билим жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитетинин иш планына ылайык, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринен ардагер агайлар чакырылып сыйланды.

Иш-чараны төрага К.Нышанов ачып, алардын билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгектерин белгилеп, бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

Ардагер агайлар профсоюз ар дайым кызматкерлерге кам көрүп, ар бир мугалимди унутта калтырбай эстеп, сый көрсөтүп келе жатканын баса белгилеп өтүштү.

Ошондой эле профсоюздун жетекчилерине ыраазычылыктарын билдирип, аларга бекем ден соолук каалап, баталарын беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук комитетинин