Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аракеттен ийгилик жаралат

    Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Бешик-Жон а\а Жангак айылына 2007-жылы башталгыч мектеп имараты салынып толук имарат бүтпөй, 2013-жылга чейинки аралыкта каралбай калган.

     2013-жылдын январь айынан баштап айыл аймагында аялдар комитетинин мүчөсү Арзиева Миндайым эжекебиз 35 жылдык эмгек стажы бар математика сабагынын мугалими жөн карап турбастан айыл өкмөтүнүн төрагасын,элдик жамаатар,айылдык кеӊештин депутатарынын сессиясына катышып ушул бүтпөй турган имаратты, айыл элине көйгөй жаратып келген бала бакчага пайдаланууга сунушун берди.

     Айыл өкмөткө келген НПОлор коомдук угууларды уюштурушту ушул коомдук угууларда,чогулган элге келгиле «Жоктон барды жараталы» деп элге кайрылып бүтпөй турган имаратты жакшылык үчүн пайдаланалы деп чогулган элден суранды. Элдик жамаат,айыл өкмөт башчысы ,айыл кенеш депутаттары бир добуштан Миндайым эжекенин «Балдар биздин келечек, аларга бала бакча керек»деген ураанын колдошуп айыл  өкмөт тарабынан  бүтпөй жаткан башталгыч мектеп имараты балдар бакчасына пайдаланууга берилсин деген чечим чыгарылды.

      2013-жылдын        август айында Миндайым эжекебиз элдик марафонду айыл өкмөт менен биргеликте уюштурулуп ремонт иштери бүткөрүлдү. Чет  мамлекеттик долбоорлор, элдик жамааттар менен тынымсыз изденип,балдар бакчасынын материалдык техникалык базасын толуктады.

     2014-жылдын январь айында 120орундуу №7 «Нагима» мектепке чейинки билим берүү уюму пайдаланууга берилди. Балдар бакчасынын аянты 1,49га. 20 кызматкер эмгектенүүдө.

     Биздин Миндайым эжекебиз балдар бакчасынын материалдык техникалык  базасын чындоо үчүн Бешик-Жон айыл өкмөтүнө келген долбоорлор менен тынымсыз иштешүүдө.

     Балдар бакчасынын материалдык техникалык базасын чындоо үчүн: 2013-жылдын ноябрь айында ИПРуюмунан айыл  өкмөт бюджети менен 90000сомдук көмүр менен жылытуучу жылуулук системасы долбоордун негизинде аткарылды.

2014-жыл апрель айында эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына долбоор жазылып 97000 сомдук жайкы аш кана ишке берилди. Айыл  өкмөтүнүн бюджетинен 95000сомго балдар бесеткасы курулду.

Мерсико уюму жана айыл өкмөт бюджетинен 126000сомго катту, жумшак эмеректер менен камсыздалды.

     2015- жылы ООН женшина, СДА уюму 115000сомго долбоор аркылуу КҮНӨСКАНА ишке берилди.

“Мусорная  яма,  на  месте  которой мы  создали  теплицу,  находилась  на  территории  детского  сада,  теперь  вместо  груды  мусора  дети  будут  видеть  результаты  созидательного  труда  взрослых.”

2015-жылы ФИНКА кредиттик банкына кайрылуу каттын негизинде 50000сомдук балдар ойноочу оюн аянтча курулду.

2015-жылы эмгек жана социалдык  өнүктүрүү башкармалыгы менен айыл  өкмөт  менен бирге долбоорго 90000 сомго балдар бакчасыны 50сотых аянты тосмолонду.

РФ иштеп жаткан айылдын атуулдарына кайрылуунун негизинде 17000сомго көрктөндүрүү  иштери (100м.полиетилен трубасы,суу маторчосу)бүткөрүлдү.

2016-жылы эмгек жана социяалдык өнүктүрүү башкармалыгына долбоор  айыл  өкмөтменен биргеликте 65000сомго 1000м.аралыктан таза ичүүчү суу тартылып келинди.

     Айыл  өкмөтбюджетинен 50000 сомдук электр комфорка тамак бышыруучу плитасы орнотулду. 2017-жылы 144710сомдук долбоор, эмгек жана социалдык  өнүктүрүү башкармалыгы, айыл  өкмөттүн бюджетинен, элдик жамаат менен 3 көлөкө навестер ишке берилди. Элдик жамааттар, кайрымдуулук жасаган ата-энелер менен 22500сомдук стол, стулдар тайпага алынып берилди.

     Ушул жасалган эмгектердин натыйжасында балдар бакчасынын жетишкен эмгегин райондук билим берүү башкармалыгы райондогу мектепке чейинки билим берүү  уюмдарынын алгылыктуу иштерин баалап «2017- жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму» номинациясы боюнча райондук конкурста 1-орунду ээлегендиги  үчүн №7»Нагима» М.Ч.Б.Б.уюму 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук  комитети тарабынан  райондогу “ Жылдын  мыкты бала бакчасы ” деген номинациясы менен куттуктап  4000 мин сомдук ( пылесос ) сыйлык  тапшырылды.

     Областык «2017-жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү мекемеси» кароо сынагында 2-орунду ээлегендиги үчүн 2-даражадагы диплом менен М.Ч.Б.Б.мекеменин директору Эргешова Барчынай сыйланды.