Алыстагы кесиптештерден кабар алынды
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2022-жылдын май Пленумунун токтомун турмушка ашыруу максатында Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов жооптуу кызматкерлери менен 2022-жылдын 12-июлунда Токтогул району жана Кара-Көл шаарларында болушуп, профсоюз уюмдарынын жетекчилери жана мүчөлөрү менен жолугушту.
Токтогул районунда жолугушуу учурунда билим берүү кызматкерлерине эмгек өргүү күндөрүн берилиши, алардын төлөнүшү, жайкы эс алуу иш-чараларын уюштурлушу тууралуу маселелер талкууланды.
Пленумдун токтомун ишке ашыруу боюнча баштапкы кесиптик уюмдар менен жүрүп жаткан иштер тууралуу Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраилов кыскача маалымат берди. Андан тышкары Токтогул райондук билим берүү бөлүмунүн борборлоштурулган бухгалтериясынын башкы бухгалтери Б.Тулекеев жаңы айлык акылардын төлөнүшү жөнүндө кеңири түшүндүрдү.
Обкомдун төрагасы А.Исмаилов “Жайкы эс алуу-2022” иш-чараларын уюштуруу жөнүндө маалыматтарды айтып, суроолорго жооп берди.
Ал эми жаңы шайланган Кара-Көл шаардык комитетинин төрагасы М.Калпакбаевге шаардык комитеттин уюштуруу иштери тууралуу обкомдун төрагасы А.Исмаилов жана жооптуу кызматкер А.Айдаров тарабынан усулдук жардам көрсөтүлдү. Борбордук комитеттин май Пленумунун токтомдору тууралуу суроолого жооптор берилип, турмушка ашыруу боюнча сунуштар айтылды.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областык КБКнын инспектору А.Айдаров