Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Алма» фестивалы

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2018-жылдын 22-сентябрында Ак-Коргон айылында «Алма» фестивалы өткөрүлдү.

    “Алма” фестивалын Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы райондун акими Абдыкадыров Эмилбек Исакулович ачып фестивалдын катышуучуларын куттуктап фестивалдын ишине ийгиликтерди калоо менен Франция жана Өзбек мамлекеттеринен келген конокторго ыразычылыктарын билдирди. Райондогу мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары райондогу ондон ашык алманын жана улуттук тамак аштардын түрлүрүн жайышып катышуучулардын көӊүлүн көтөрүүгө жетишти.

 Фестифалда мектеп жана балдар бакчалары тарабынан уюштурулган ыр бийлер коштоду. Фестивалды ЮНЕСКО тарабынан колдоо көрсөтүлүп демөөрчүлүкө алынды.

Франция жана Өзбек мамлекеттеринен келген коноктордун кубанычтары койнуна батбай өзүлөрөнөн жылуу сөздөрүн айтып мындан ары жылда колдоо көрсөтөбүз жана балдар үчүн тамак аш жагынан жардам берерин да айтып өтүштү.

Даярдаган:Уюштуруу тобу.