Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алдыңкылар сыйланды

24-май күнү Ала-Бука районунун борборундагы маданият сарайына райондун мектептеринен предметтер боюнча райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрү, облуска барып райондун намысын коргогон окуучулар, Республикага барып облустун намысын коргогон окуучулар, жана окуучуларды окутуп тарбиялаган мугалимдер чакырылап эрте менен маданият сарайынын ичи-сырты шаңга бөлөлөнуп музыкалар жаңырып майрамдык маанай билинип турду. Алдынкы окуучуларга эрте менен демөөрчүлөр тарабынан дааярдалган жеңил чай, кофе, шириндиктери менен берилди. Салтанат окуучулардын мугалимдерге жана окуучуларга арналган ырлары менен башталып, алгач билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова Чынара Абдыкапарова ачып быйылкы окуу жылындагы жетишкендиктерге токтолуп куттуктоосун жолдоду.

Мугалим, окуучулар тарабынан даярдалган концерттик програма тартууланды. 60тан ашык окуучуга билим берүү бөлүмүнүн дипломдору жана демөөрчүлөр тарабынан белектер берилди. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ала-Бука райондук комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай жалпы катышуучуларды куттуктап алдыңкы он мугалимге кызыктыруучу белектерин тапшырды.

Райондун ишкери Сулайманкулов Медеркул Ормонович демөөрчү катары эки жүз элүү катышуучуга бирден бал муздак тартуулады. Эки саатка уланган салтанаттын катышуучулары ыраазы болуп кайтышты.

Маалыматты даярдаган: уюштуруу тобу