Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аламүдүн районунун агартуучулары сыйланды

Аламүдүн районунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына  райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.К.Анаркулов, айыл аймактарынын башчылары, КР Эл мугалими А.Н. Зырянова жана  мугалимдердин катышуусунда салтанаттуу азем болуп  өттү. Бул иш-чарада алдынкы, чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин эмгеги Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн жана  райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын жана төш белгилерин тапшыруу менен коштолду. Ошондой эле билим берүү уюмдарынын ишин жакшыртууда жергиликтүү бийлик менен байланышты чыңдоодо, материалдык базасынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө жана социалдык жактан мугалимдерди коргоодо кошкон салымдары үчүн КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төш белгиси жана Ардак грамотасы тапшырылды.

2021-2022-окуу жылында райондун билим берүү уюмдары 47 жаш адистер менен толукталды. Иш-чаранын экинчи бөлүгү жаш адистерди профсоюз мүчөлүгүнө кабыл алуу менен улантылды жана аларга каалоо-тилек айтылып, профсоюз комитети тарабынан эстелик белектер берилди.

 

 Маалыматты даярдаган: Аламүдүн райКБКнын төрайымы Б.Намазбекова