Алайдагы салтанат
5-октябрь – Мугалимдердин эл аралык күнүнѳ карата Алай районунда билим берүү кызматкерлеринин майрамдык салтанаты болуп ѳттү.
Майрамдык салтанаттын 1-бѳлүгү райондук маданият үйүндѳ ѳткѳрүлүп, ага жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С.Апбасов, орун басары Б.А.Осмонов, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин тѳрагасы С.А.Тойгонбаев, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Б.Э.Таиров, райондук профсоюз комитетинин тѳрагасы А.К.Абдыкадыров, райондук афган согушунун ардагерлер кеңешинин тѳрагасы А.Раимкулов, Республикалык «Алай айымдары» коомунун тѳрайымы баш болгон ѳкүлдѳр, ОшБинин жетектѳѳчү адиси А.Арыкбаев, айыл ѳкмѳт башчылары, ардагерлер баш болгон 350гѳ жакын билим берүү кызматкерлери катышышты.
Салтанатта тиешелүү жетекчилер куттуктоо айтышып, алдынкы билим берүү кызматкерлерине Жогорку Кенештин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин жана Ош областтык профсоюз комитетинин тѳш белгилери жана Ардак грамоталары, Президенттин Ош областтск ѳкүлчүлүгүнүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын, областтык профсоюз комитетинин жана Ош БИнин, райондук билим берүү бѳлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды.
Ал эми «Алай айымдары» коому 70ке жакын алдыңкы билим берүү кызматкерлерине баалуу белектерин тартуулашты.
Салтанаттын 2-бѳлүгү «Ак бата Гранд» ресторанында ѳткѳрүлүп бардык катышуучуларга билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитети тарабынан майрамдык сый тамак уюштурулуп берилди.
Майрамдык салтанат уюшкандыкта, кѳңүлдүү маанайда ѳткѳрүлүп, райондук маданият үйүнүн артистеринин, балдардын чыгармачылык борборунун кызиаткерлеринин атайын концерттик номерлери менен коштолду.
Маалыматты даярдаган: Алай райондук кесиптик бирлик комитети