Алай районунун алдынкы билим берүү кызматкерлери Ташкентте
2024-жылдын 30-ноябрынанан 1-декабрына чейин билим жана илим кызматкерлеринин Алай райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан 2024-жыл ичинде "Жылдын мыкты мектеби", "Жылдын мыкты бала бакчасы", "Жылдын мыкты предметтик мугалими", "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынактарында жеӊүүчү болуп табылган жана окуучулары жгорку республикалык тестирлөөдө эӊ жогорку көрсөткүч көрсөткөн, областтык жана республикалык олимпиадада байгелүү орундарды камсыз кылган окуучулардын мугалимдери Ташкент шаарына барып эс алып кайтышты.
Эс алууну талаптагыдай уюштуруп бергендиги үчүн мектептин 16 кызматкери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 5 кызматкери, жалпы кесиптик бирликтин 36 мүчөсү райондук, областтык кесиптик бирлик комитетине жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Алай райондук комитети