Алай районундагы билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрам салтанаты
5-октябрь – билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына жана мугалимдердин эл аралык күнүнө карата 4-октябрь күнү майрамдык салтанат Алай районунун Гүлчө айылындагы «Ак - Бата» ресторанында болуп өттү.
Майрамдык салтанатка Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.А.Ташкулов, аппарат жетекчиси Н.Аданбай уулу, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.А.Жээнбеков, билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров, райондогу билим берүү жетекчилери, ардагер мугалимдер, билим берүү бөлүмүнүн жана балдар чыгармачылык борборунун адистери катышышты. Майрамдык салтанатка 190 го жакын билим берүү кызматкерлери катышышты.
Алдыңкы билим берүү кызматкерлерине райондук мамлекеттик администрациясынын, билим берүү кызматкерлеринин Ош областтык комитетинин жана райондук профсоюз комитетинин, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары тапшырылып, куттуктоолор айтылды.
Майрамдык салатанаттын катышуучуларына билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан сый тамак уюштурулуп, балдардын чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык маанай тартууланды.
Ошондой эле ардактуу эс алууга чыккан мектеп жетекчилерине атайын куттуктоолор тапшырылды. Ал эми И.Кадыров, А.Каримов жетектеген ардагерлер жамааты майрамдык салтанаттын катышуучуларына ыраазычылык билдирүү менен «Ак - Бата» ресторанынан ак баталарын беришти .
Качкынбаев М.- №36 Б.Нарматов атындагы орто мектебинин директору,
директорлордун райондук секция жетекчиси.
Турдуева В. – Балдардын чыгармачылык борборунун окуу бөлүмүнүн башчысы.