Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алай райондук кесиптик бирлигинин жаӊы төрагасы шайланды

2025-жылдын 17-февралында Билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин кезектеги отчеттук кайра  шайлоо  конференциясы болуп  өттү.

Отчеттук  кайра  шайлоо  конференциясына  КР билим жана илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  Борбордук комитетинин  төрагасы  Примкулов  Мусабай  Маматович,  Борбордук комитеттин айлык-акы жана  социалдык бөлүмүнүн башчысы  Намазбекова Бактыгүл Асангуловна, Кыргызстан  профсоюздар  федерациясынын Ош  облусу жана  Ош  шаары боюнча  кординатору  Рысбаев Азизбек Ысакович, Алай  райондук  мамлекеттик  администрациясынын башчысынын  орун  басары Болбур  уулу Алтынбек, Алай  райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Таиров Болотбек Эркебаевич  жана  райондогу  билим  берүү  мекемелеринен  конференцияга  шайланып  келген   148 делегат  катышышты.

Конференцияда  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин  төрагасы А.К.Абдыкадыровдун жана текшерүү  комиссиясынын   отчеттору  угулуп, делегаттардын  бир  добуштан  колдоосу  менен  канаттандыраарлык  деп  табылды. Ал эми төрага  А.К.Абдыкадыровдун  өз  каалоосу  менен  эс  алууга  кетип  жаткандыгына  байланыштуу делегаттар  ыраазычылыктарын  билдиришип  ак  жол  каалашты.

Төрагалык кызматка 5 делегат  талапкерлигин  коюп өздөрүнүн  платформалары менен тааныштырышты. Эсептөө  комиссиясынын  жана  конференциянын  чечимине ылайык, 82  добуш  менен  Бурканбай  уулу  Алымбек  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин  төрагасы  болуп  шайланды.

Ошондой  эле  конференцияда   билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин  текшерүү  комиссиясынын, Пленум  жана Президиум  мүчөлөрүнүн  жаӊы  курамдары  шайланып, бекитилди.

Ал эми Кыргыз  Респбликасынын  билим  жана  илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  VIII съездине  делегат  болуп  жаӊыдан  шайланган  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  кесиптик  бирлигинин  төрагасы Бурканбай  уулу  Алымбек  көрсөтүлдү.

Конференциянын катышуучулары жаңы төраганы куттуктап, анын кесиптик бирликтеги ишине ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалашты.