Ала-Бука районунда “ Ден-соолук- 2017” мугалимдер арасында мелдеш өткөрүлдү
2017-жылдын 4-мартында КР “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата жана Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген окутуучусу, Эл агартуунун отличниги, Ала-Бука, Аксы чөлкөмүндөгү “Биринчи мугалим” Назармат Жайлообаевдин ысымына арналган мугалимдердин спорт боюнча мелдеши болуп өттү.
Кыргыз Республикасында “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата спорттук иш-чараны ишке ашыруу менен бирге, мугалимдердин ден соолугун чыңдоо жана аларды дене тарбия менен системалуу түрдө машыгуусун камсыздоо, улуттар арасында ынтымакты, достукту, биримдикти арттыруу максатында райондук өнөктөштөр уюштурган жарышка районубуздун 8 айыл аймактан 255 мугалим катышып, аялдар менен эркектер спорттун волейбол, шахмат, стол үстүндө теннис, тогуз коргоол түрлөрү боюнча күч сынашты.
Мелдешке Н. Жайлообаев агайдын үй-бүлөсү жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кесиптик уюму демөөрчүлүк кылды. Мелдешке катышкан жана жеңишке жетишкен билим берүү кызматкерлери атайын дипломдор, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды райондук билим берүү бөлүмүнүн кесиптик уюмунун төрагасы Ж. Дурусалиев куттуктоо сөзүн айтып, дипломдор жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Областык мелдешке мыкты оюнчулар сараланып алышын айтып өттү жана спартакиадага катышып жаткандарга ийгиликтерди каалады. Быйылкы спорттук мелдеште ар бир спорт түрүнөн катышкан оюнчуларга жекече жана командалык сыйлыктар ыйгарылды.
Оюн учурунда бардык катышкан командалар мыкты оюн көрсөтүшүп, окутуучулар арасындагы “Ден соолук -2017” спорттук мелдеши эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жыйынтыгында аныкталган жеңүүчүлөр, областтык мелдешке жолдомо алышты.
Азыркы учурда жолдомо алган мугалимдер, областта болуучу мелдешке спорттун 4 түрү боюнча, өз спорттук чеберчиликтерин арттырып, машыгууда. 2017- жылда Токтогул районунда спорттун 5 түрү боюнча областтык мелдешке даярдыктар кызуу жүрүүдө.
Маалыматты даярдаган:
Ала-Бука райондук балдардын спорт мектебинин директору
Н.Ускенбаев