Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы конгуроо салтанатына карата сыйлыктар тапшырылды

2021-жылдын 24-майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети-Ѳгүз райондук комитети жана Жети-Ѳгүз райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыктары боюнча окуу-тарбиялоо процессиндеги жетишкен ийгиликтери, райондун билим берүү тармагынын ѳнүгүшүнѳ кошкон зор салымдары үчүн мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшыруу салтанаты ѳткѳрүлдү. Иш-чарага Ысык-Кѳл областтык билим берүү инстититунун директору М.Курманалиев, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы М.Асанкожоев, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети-Өгүз райондук комитетинин тѳрагасы Ѳ.Молдокматов катышты. Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты Ж.Жунушев, С.Сыдыков жана А.Алтымышбаев атындагы орто мектептеринин базасында ѳткѳрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндѳ мектептин окуучулары концерт тартуулашты.

 

Маалыматты даярдаган: Жети-Өгүз райондук комитетинин тѳрагасы Ѳ.Молдокматов