“Акыл, илим, өнөр - бул үчөө каухардан кымбат” Ч.Айтматов
Кадамжай районундагы “Х.Сабиров” атындагы толук эмес орто мектебинде 16-ноябрь күнү 2018-2019-окуу жылында өзбек, тажик башталгыч класстардын райондук семинары болуп өттү. Семинардын негизги максаты заманбап усулдарды пайдаланып, тереӊ билим берүү жана мекен келечеги үчүн ден-соолугу чын, билимдүү жана адептүү муундарды тарбиялоо. Семинарга 25 мугалим , билим берүү бөлүмүн башчысы Ж.Гайбуллаев , райкомпрофсоюзунун төрагасы А.Момошов жана окуучулар катышты. Жаны технологияларды колдонуу менен 6 сабак өткөрүлдү. Бул сабакты Разматова Мадина, Юнусова Насибалар өтө жакшы өтүштү.
Класстан тышкаркы иш: Энелер мектеби “Баланын тарбиясындагы ата-эненин жеке үлгүсү”- деген темада энелердин катышуусу менен тарбиялык мааниси чоӊ , көрүнүп тургандай мектеп, ата-эне, үй-бүлө менен тыгыз байланышта. Бул иш чараны мектептин эӊ алдыӊкы тажрыйбалуу мугалими Эргашева Мубарак алып барды. Семинардын аягында окуучулардын кол өнөрчүлүктөрүнө да баа беришти.
Материалды даярдаган: Ажиева Ф.