Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акыл-эс таймашынын жеңүүчүлөрү

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитети менен биргеликте “Чыгаан мугалимдердин интеллектуалдык таймашы” аттуу  кароо-сынак, 2024-жылдын 29-апрелинде райондогу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Чечме-Сай орто мектебинде болуп өттү. Кароо-сынакта 1-орунду ээлеген катышуучуга  1-даражадагы диплом, Жалал-Абад санаториясына дем алууга жолдомо, 2-3-орундарды  ээлген катышуучуларга 2-3-даражадагы дипломдор жана  баалуу кол сааттарыйгарылды.

  Кароо-сынакка Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н.Зульпуева, Ноокат райБББ башчысы Б.Козуев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук  комитетинин төраймы Н.Тажибаева, КР Эмгек сиңирген мугалими Ж.Молдобаев катышып, жеңүүчүлөрдү  куттуктоо менен  баалуу белектерди тапшырышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети