Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксыдагы коопсуздук семинары

2023-жылдын 27-январында Аксы районунун Кызылжар айыл аймагындагы № 34 Н.Мешков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепте эмгекти коргоо техникалык коопсуздуктун алдын алуу максатында семинар болуп өттү. Ал семинарга Кызылжар, Аксуу, Кош-Дөбө зоналарындагы мектеп жана бала бакчалардын директорлору менен профкомдору катышышты.

Бул семинардын максаты билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин эмгегин коргоо жана аларга иштөө үчүн ынгайлуу шарт түзүп берүү.

Семинардын катышуучуларына билим берүү мекемелериндеги кызматкерлер кандай шартта жана кандай коргоочу каражаттар, кийимдер, бут кийимдер, кол каптар менен камсыз болушу ошондой эле кандай инструкциялардын өтүү керектигин көрсөтүп берди.

Бул семинарга Аксы райком профсоюзунун төрагасы С.Камчыбеков жана Аксы районун билим берүү башчысы О.Нурманбетов катышты.

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райондук кесиптик бирлик комитети