Аксыда президиум болуп өттү
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин 2022-жылдын 22-февралында президиуму болуп өттү.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
- Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы президиумунун токтомдорун ишке ашыруу жөнүндө.
- 2021-жылдын жыйынтыктары менен жакшы деп табылган билим берүү мекемелеринин кесиптик бирлик уюмдарын жана анын мүчөлөрүн сыйлоо.
- Райкомдун 2022-жылга карата иш планын талкуулоо жана бекитүү.
- Райкомдун 2022-жылга бюджетин бекитүү.
- Ар түрдүү маселелер.
Президиумда жогорудагы маселелер каралып иш план жана смета бекитилди. Ошону менен бирге жылдын активдүү кесиптик бирлик комитеттери аныкталып, айрым кесиптик бирлик мүчөлөрүн сыйлоо талкууланды.
Маалыматты даярдаган: укук жана эмгекти коргоо инспектору Н.Сатылганов